Радио

Жекишев: остеопатия оорунун негизги себептерин жоюуга аракет кылат

Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишевдин айтымында, остеопатиянын философиясына ылайык, адам инфекциядан эмес дененин геометриясы бузулганда ооруйт.
Sputnik
Остеопатия бул ар кандай органдар менен дене мүчөлөрүнүн ортосундагы структуралык-анатомиялык мамилелердин бузулушун аныктайт. Бул тууралуу Жапарбек Жекишев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, остеопатия оорунун негизги себептерин жоюуга аракет кылат.
"Бул ыкма көптөгөн ооруларды дарылоодо эффективдүү келип ички органдардын, кан тамырларды, нерв системасын калыбына келтирет. Остеопаттын милдети — организмдин өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдерин ачуу менен аны калыбына келтирүү. Остеопатиялык дарылоонун дагы бир артыкчылыгы эч кандай дары-дармектер колдонулбастан, бир гана кол менен организмге таасир эткендиктен коопсуз десек болот. Остеопаттар жогорку сезимталдыкка көптөгөн жылдар бою машыгуу аркылуу жетишет. Остеопатия — дарылоонун кийинки методдорунун бири. Илим катары ал XIX кылымдын аягында АКШда калыптанган. Анын негиздөөчүсү Эндрю Тейлор Стилл остеопатиянын негизги принциптерин жана техникалык комплексин иштеп чыккан. Остеопатия структуралык (булчуң-таяныч тутуму, байламталар, муундар менен иштөө — ред.), висцералдык (ички органдар менен иштөө, органдарга эркин кыймылдуулукту кайтаруу, алардын стресстерин жоюу, кан айлануусун жакшыртуу — ред.) жана краниосакралдык (баш сөөктүн, жамбаштын жана омуртканын сөөк түзүмдөрүн нормалдаштыруу — ред.) деген багыттарга бөлүнөт", — деди Жекишев.
Дарыгер остеопатия баш сөөктө, омурткада, муундарында курч жаракаты барларга, залалдуу шишик, өнөкөт жугуштуу оорулар менен жабыркагандарга жана сөөгү морт адамдарга сунушталбай турганын кошумчалады.