БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 30-майда Россиянын Москва облусунун Раменский шаарында болчу ат оюндарынын фестивалында көк бөрү ойнолот. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча улуттук федерациясынан билдирди.
Фестивалдын расмий ачылышы 30-май күнү Москва облусунун Раменский шаарындагы ат майданда болот.
Фестивалды Россия элдеринин жалпы ассамблеясы, Москва облусунун Спорт министрлиги жана Москва облусунун Мусулмандар диний башкармалыгы биргеликте уюштурууда.
"Фестивалга Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, атактуу алып баруучу Асылбек Өзбеков ардактуу конок катары чакырылды", — деп айтылат маалыматта.
Ири спорттук иш-чаранын программасына кыргыздын көк бөрү оюнунан сырткары күрөш, улуттук күрөш өнөрүнүн башка түрлөрү, чыгармачыл жамааттардын спектаклдери, Россия элинин гастрономиялык фестивалы киргизилген.
Спорттук ири иш-чара Россия Федерациясынын жана Евразия элдеринин улуттук оюндарын жайылтуу максатын көздөйт.