Молдовановкадагы абактан качкан эки кишиге ок атылып, бири каза тапты

Абактан качууга аракет кылгандар адам өлтүрүү жана жашы жете электерди зордуктоо беренелери менен соттолушкан. Күзөттө турган жоокер адегенде аларга эскертүү иретинде ок чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинен качууга аракет кылган эки адамга курал колдонулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 26-майга караган түнү саат 02:40тар чамасында болгон.
"Адам өлтүрүү жана жашы жете электерди зордуктоо беренелери менен соттолгон 58 жана 22 жаштагы эки адам абактын негизги тосмосу аркылуу качууга аракет кылышкан. Алар тыюу салынган аймактан өтүп бара жатканда Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокери эскертүү иретинде ок чыгарган. Андан кийин түз курал колдонуп, соттолгондордун бири каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Учурда ыкчам-тергөө тобу абактан качуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы айтылды.