Кытай Кыргызстанга аскердик унаа жана техника берди. Сүрөт

Аскер техникасы бүгүн Улуттук гвардиянын имаратында тапшырылды. Салтанатка министр менен Кытайдын элчиси катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө аскердик-техникалык жардам көрсөткөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Аскердик унаа менен техникалык жабдыктар бүгүн, 26-майда, Улуттук гвардиянын имаратында тапшырылды. Иш-чарага министр Таалайбек Өмүралиев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвень катышкан.
1 / 6
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө аскердик-техникалык жардам көрсөткөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады
2 / 6
Аскердик унаа менен техникалык жабдыктар бүгүн, 26-майда, Улуттук гвардиянын имаратында тапшырылды
3 / 6
Иш-чарага министр Таалайбек Өмүралиев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвень катышкан
4 / 6
Министр менен элчи аскер каражаттарын көрүп, техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты
5 / 6
Өмүралиев Кытайга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташуунун тереңдешине ишенимин билдирген
6 / 6
Аскердик-техникалык жардам эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдердин алкагында көрсөтүлгөнү айтылды.
Министр менен элчи аскер каражаттарын көрүп, техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты.
Өмүралиев Кытайга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташуунун тереңдешине ишенимин билдирген.
Аскердик-техникалык жардам эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдердин алкагында көрсөтүлгөнү айтылды.