БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кытайдан Sinopharm вакцинасын алып келүү маселеси чечилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Бейшеналиев бул көйгөй чечилгенин, эми кыргыз тарап Кытайдын кайсы шаарынан алып кетүү керектиги боюнча кабарды күтүп жатканын айтты.
Аталган вакцина менен Кыргызстанда эмдөө 29-апрелден тарта жүргүзүлүп жатат. Билгилей кетсек, донорлор ДССУ тизмесине кирген вакциналардын бирин сатып алуу үчүн 20 миллион доллар бөлөрү айтылган. Бул каражатка кошумча Sinopharm препаратын алуу пландалып жатат.