Кыргыз-казак чек арасында кезекке тизилген фуралар боюнча түшүндүрмө

Буга чейин айрым ЖМКлар жүк ташуучулардын айтымына таянып, Казакстан менен чектешкен жерде фуралардын узун кезеги пайда болгонун жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар жылда эле так ушул маалда топтолот. Анткени жүк ташуучулардын саны өсөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар жүк ташуучулардын айтымына таянып, Казакстан менен чектешкен жерде фуралардын узун кезеги пайда болгонун жазышкан. Алар муну коңшу мамлекет өткөрмө пунктулардагы тоскоолдуктарды жоюу иштерин жүргүзүп жатканы менен түшүндүргөн.
"Бул сезондук фактор. Анткени мындай маалда жүк ташыгандардын саны өсөт. Бул өтө деле чоң көйгөй эмес, убактылуу гана, жакын арада чечилет. Маал-маалы менен мындай узун кезектер жаралып турат, бирок баары өтөт", — деген мекеменин маалымат кызматы.
Мамлекеттик кызмат кезек күткөн фуралардын так саны боюнча маалымат берген жок.