Коронавирус 8 адамдын өмүрүн алып, 207 кишиге жукту. Соңку маалымат

Ооруну жеңе албай калган сегиз кишинин төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Таласта дарыланып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Соңку суткада коронавирус 207 кишиден аныкталып, сегиз адам көз жумуп, 332 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
Оору пандемиядан бери 103 207 кишиден аныкталды.
Тилекке каршы, сегиз киши көз жумду. Анын төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Таласта дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 1 773 адамдын өмүрүн алды.
Айыккандар:
Жалпы сакайгандардын саны 96 765 болду.
Учурда стационарда 1 596 бейтап дарыланып жатат. Амбулатордук дарыланууда 2 045 киши бар.