Кочкордогу фотокапканга түшкөн жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү

Уюмдун мониторинг тобунун адистери Кочкордон 3000ден ашуун кадрларды чогулткан. Эми жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү коруктарга фотокапкан коюлмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районуна коюлган 14 фотокапкан бир нече жаныбарды сүрөткө тартып алды. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.
1 / 7
Нарын облусунун Кочкор районуна коюлган 14 фотокапкан бир нече жаныбарды сүрөткө тартып алды
2 / 7
Буга чейин аба ырайы катаал болуп жатканына байланыштуу алты гана фотокапкандан маалыматтар алынганы айтылган
3 / 7
Кара-Мойнок кырка тоолорундагы Сөөк суусу агып өткөн өрөөнгө жалпысынан 20 фотокапкан коюлган
4 / 7
Бардык сүрөттөр NABU уюмунун мониторинг тобунун адистери тарабынан изилденет
5 / 7
Камерага ак илбирс, тоо эчки, карышкыр, түлкү, улар, кекилик, кашкулак, таан түшүп калга
6 / 7
Бардык сүрөттөр 2020-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын апрелине чейин тартылган
7 / 7
NABU уюмунун өкүлү эми ак илбирстерге жана алардын тоют базасына мониторинг жүргүзүү үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү коруктарга жана жаратылыш парктарына фотокапкан орнотуларын кошумчалады.
Буга чейин аба ырайы катаал болуп жатканына байланыштуу алты гана фотокапкандан маалыматтар алынганы айтылган.
Эсенбаеванын билдиргенине караганда, Кара-Мойнок кырка тоолорундагы Сөөк суусу агып өткөн өрөөнгө жалпысынан 20 фотокапкан коюлган.
"Фотокапкандар чогулткан маалыматтарды иштеп чыккандан кийин биз 3000ден ашуун кадр алдык. Бардык сүрөттөр NABU уюмунун мониторинг тобунун адистери тарабынан изилденет. Камерага ак илбирс, тоо эчки, карышкыр, түлкү, улар, кекилик, кашкулак, таан түшүп калган. Бардык сүрөттөр 2020-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын апрелине чейин тартылган", — деди Эсенбаева.
NABU уюмунун өкүлү эми ак илбирстерге жана алардын тоют базасына мониторинг жүргүзүү үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү коруктарга жана жаратылыш парктарына фотокапкан орнотуларын кошумчалады.