Артериялык гипертония кеңири жайылган оору. Ал жүрөк-кан тамыр системасынын артерия кан басымынын туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлөт. Биз биринчи жолу инвазивдик ыкма менен операция жасап, бейтаптын жогорку кан басымын түшүрдүк. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бейтаптын 200/100 кан басымы операциядан соң дароо 130/80ге түшкөн.
"Артериялык гипертония менен жабыркаган бейтапка жашоо образын өзгөртүшүн сунуштайбыз. Андан кийин дары-дармек жазып беребиз. Эгер ал да жардам бербесе, инвазивдик ыкмада операция жасалат. Кээ бир учурларда ичкерип кеткен бөйрөктүн тамырларын стент коюу ыкмасы менен ачканда кан басым нормага келет. Бирок кээде эч кандай себеби жок эле бир нече дары-дармек ичкенине карабастан кан басымы жогору бойдон кармалат. Мындай учурда бөйрөктүн кан тамырын күйгүзүү ыкмасы (симпатическая денервация — ред.) менен кан басымы түшүрүлөт. Бул боюнча изилдөөлөр 2007-жылдан бери жүрүп келет. Көп талаш-тартыш да болгон. Жакында эле Америкадагы кардиологдор ассоциациясы үчтөн көп дары ичип, кан басымы түшпөй жаткан бейтаптарга бөйрөктүн кан тамырын күйгүзүү ыкмасы менен операция жасаса кан басымы калыбына келери тууралуу изилдөөсүн жарыялады. Биз да мындай операцияны биринчи жолу жасадык. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ушул дарт менен жабыркаган бейтап бизге 200/100 кан басымы менен келген. Ал ар кандай дары-дармектерди ичкенине карабастан кан басымы жогору бойдон кармалып турган. Консилиум өткөрүп, бөйрөк артерияларына катетрдик абляциясын жасоону чечтик. Процедурадан кийин кан басымы дароо 130/80ге түштү. Бейтаптын баш оорусу да жоголуп, учурда өзүн жакшы сезип жатат", — деди Осмонов.
Кардиолог, андан тышкары, тубаса кемтиги бар, жүрөк булчуңу аябай калыңдашып кеткен бейтапка көп колдонулбаган инвазивдик ыкма менен операция жасалганын да кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: