Баткенде жайыттарды чегиртке каптап кеткен. Сүрөт

Баткен облусунда зыянкечтердин личинкаларын изилдөө учурунда 4 300 гектар жерден чегирткенин уюгу табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өсүмдүктөрдү дарылоо жана карантиндик коргоо департаменти жайыт жерлер менен эгин талааларын каптап кеткен чегирткелерге каршы күрөш баштады. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинен билдиришти.
1 / 2
Өсүмдүктөрдү дарылоо жана карантиндик коргоо департаменти жайыт жерлер менен эгин талааларын каптап кеткен чегирткелерге каршы күрөш баштады
2 / 2
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда зыянкечтердин личинкаларын изилдөө учурунда 4 300 гектар жерден чегирткенин уюгу табылган.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда зыянкечтердин личинкаларын изилдөө учурунда 4 300 гектар жерден чегирткенин уюгу табылган.
"Баткен облусу боюнча 5 500 гектар жер изилденип, анын ичинен 4 300 га аянттан чегирткенин уюгу табылып, дарылоо зарылдыгы аныкталды. Бүгүнкү күндө 2 700 гектар жер химиялык иштетүүдөн өттү. Анын ичинен Лейлек районунда 900 гектар, Кадамжай районунда 1 600 гектар, Баткен районунда 200 гектарга микронер аппаратынын жардамы менен химиялык заттар чачылды", – деп жазылган маалыматта.
Учурда адистер тарабынан чегирткелерге каршы колдонулган дары-дармектердин майнаптуулугун текшерүү жана зыянкечтерге каршы күрөшүү улантылып жатканы айтылды.