"Акыркы көч" киносу Ирандагы кинофестивалга катышат

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун бул кинокартинасы бир катар эл аралык фестивалдарда мыкты аталып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Акыркы көч" тасмасы Ирандагы эл аралык "Фажр" кинофестивалынын "Чыгыш келечеги" сынак программасына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, фестиваль аралаш форматта (онлайн, офлайн) 26-майдан 2-июнга чейин Тегеранда өтөт.
"Анда "Акыркы көч" фильминен сырткары Япония, Вьетнам, Кытай, Иран, Корея, Түркия, Иордания, Палестина жана Катар мамлекеттеринен кинокартиналар катышат", — деп айтылат маалыматта.
Кинокартинанын режиссёрлору — Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган.
Айтматовдун "Жамийласы" кайрадан, жаңы стилде экрандаштырылат
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон. Мындан сырткары, Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Эң мыкты тасма" деп аталган.