Санкт-Петербургда бийиктен кулаган 31 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү бүгүн келет

Көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык үч күн мурун каза тапкан. Маркумдун сөөгү бүгүн, 25-майда, Санкт-Петербург — Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Санкт-Петербургда көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык бийиктен кулап көз жумду, сөөгү бүгүн Ошко жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Санкт-Петербург шаарындагы канцелярия билдиргендей, 31 жаштагы Д.Э. аттуу мекендеш ушул жылдын 22-майында көз жумган.
"Учурда сөөктү алып кетүүгө уруксат берилди. Чет жерде каза болгондордун сөөгүн өлкөгө жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн компенсация алуу боюнча тиешелүү консультациялар берилди. Маркумдун туугандары бул компенсацияны Кыргызстандан алууну көздөп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 25-майда, Санкт-Петербург — Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Элчилик өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, каза тапкандардын сөөгүн (Жүк-200) алып кетүү чыгымдары үчүн бир жолку төлөмдү Кыргызстанда, ТИМдин Тышкы миграция департаментинин алдындагы маалыматтык-консультациялык борбордон, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен консулдук мекемелеринен алуу мүмкүнчүлүгү каралганын эскертти.
Бир жолку төлөмдү алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси: