Россияга экспорттолчу айрым товарларды маркалоо башталды. Жол-жобосу

Кыргызстандан Россияга экспорттолчу товарлардын айрым түрлөрүн маркалоо башталды. Мамлекеттик салык кызматы маркалоо кодун алуунун жол-жобосун түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын бир катар продукцияларын Россияга экспорттоочуларга маркалоо коддору бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
"Мамлекттик салык кызматы менен товарларды маркалоонун улуттук системасынын оператору "Альфа Телеком" 20-майдан тарта жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүн Россияга экспорттоочуларга маркалоо коддорун берүүгө киришти. Маркалоо коддору Россиянын маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүп, операторлор аралык алмашуунун алкагында "Альфа Телекомго" берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Ишкерлер коддорду алуу үчүн алгач GS1 Kyrgyzstan предметтик нумерациялоо ассоциациясына кирүүсү зарыл. Андан кийин гана "Альфа Телеком" ишканасы менен өндүрүүчүнүн (же экспортер) ортосунда келишим түзүлөт. Анын негизинде код заказ кылып, товарга басып берүү жана жүктөө боюнча системага кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Россияга экспорттоодо төмөнкү өнөр жай товарлары маркаланууга тийиш:
"Альфа Телеком" ишканасы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылууга болот.
Бишкек шаарында:
Ош облусунда:
Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты "Текшер" системасынын расмий сайтынан, ошондой эле акысыз 116 жана 0 999 333 999 номерлерине чалуу аркылуу Салык кызматынын маалымат борборунан алууга болот.