Ипотекалык кредиттин суммасы кантип калыптанат? Адистин жообу

Учурда МИК ипотекалык кредитти арзандатуу максатында кошумча ресурстарды издеп жатат. Жаңы турак жай программасынын негизинде эл аралык донорлордон каражат тартуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкаруучулугунун төрайымынын орун басары Амантур Омуров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени эмнеден кураларын айтып берди.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) башкаруучулугунун төрайымынын орун басары Амантур Омуров
"Ипотекалык кредиттин суммасы финансы булагына жараша калыптанат. Мисалы, азыркы коюмдар өкмөт бөлгөн бюджеттик кредиттин суммасынан, насыяны тейлөө үчүн чыгымдардан жана банктын пайдасынан көз каранды. Учурда ипотекалык кредит үчүн 4,8 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик насыя берилген",— деди Омуров.
Радио
Кокочаров: эми мамкызматкерлер 4% менен 25 жылга ипотека ала алышат
Адистин айтымында, учурда МИК ипотекалык кредитти арзандатуу максатында кошумча ресурстарды издеп жатат. Жаңы турак жай программасынын негизинде эл аралык донорлордон каражат тартуу пландалууда.
Омуров кошумчалагандай, буга чейин өлкө президенти Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын ставкасын 4 пайызга түшүрүүнү талап кылган. Учурда компания бул боюнча аракеттерди көрүп жатат.