Коронавирус Бишкектен 8 адамдын өмүрүн алып, 298 киши оору жуктурду

Кечээтен бери оору Бишкек менен Чүй облусунун жашоочуларынан көп аныкталган. Ал эми Баткенде ооругандар катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бир суткада 298 кишиден коронавирус табылып, 314 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет жуктургандардын көбү Бишкек менен Чүй облусунда. Ал эми Баткенде ооругандар катталган эмес.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 103 миңге жетип, анын ичинен 96 433 бейтап айыкты.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан. Анын баары Бишкек шаарында катталып, өлүм учурларынын жалпы саны 1 765ке жетти.
Азыркы учурда 1 575 киши ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 420 бейтаптын абалы оор болсо, 90 киши өтө оор абалда жатканы маалым болду.