"Жаздыгын ала жатуу" деген душманын өзү менен кошо ала кетүү, өлтүрүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул өсүп келе жаткан муунга такыр эле түшүнүксүз болушу мүмкүн.
"Манас" эпосунда "жаздыгын ала жатуу" деген түшүнүк бар. Муну түз маанисинде түшүнүп жалкоолук, уйкучулукка түрткөн кеп катары кабылдабаш керек. Сөздүн мааниси андан бир кыйла терең жана маанилүү жагдайда айтылат. Душманын өзү менен кошо аркы дүйнөгө ала кетүү, өлтүрүү дегенди билдирет. Учурда заман тынч жана ошондой бойдон калсын деген тилектебиз. Ошол эле учурда келечекти эч ким биле бербейт. Андыктан бардык жагдайга даяр жүрүү зарыл. Эпостогу бул сөздүн маанисин жаштарга үйрөтүү ашыктык кылбайт. Себеби улуу баянда Манас "эч болбосо Коңурбайды жыга чаап, мен жаздыгымды ала жатайын" деп айтат. Бул элимдин тынчтыгы үчүн жок дегенде бир душманды өлтүрө кетейин деген маанини түшүндүрөт", — деди Талантбеков.
Манасчы эпосто катылган идеяны жаштарга жайылтуу менен алардын дүйнө таанымын кеңейтсе болорун кошумчалады.