Караколдогу зоопаркта сүлөөсүндөн эки тараптуу пневмония аныкталды

Жаныбарды Бишкектин жака-белиндеги реабилитациялык борборго алып келип, рентгенге тартып, анализ алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Караколдогу зоопаркта түркстандык сүлөөсүн этиологиясы белгисиз эки тараптуу пневмония болуп калды. Бул туурасында "Бугу-Эне" коомдук фонду билдирди.
Кот каймана аты бар жаныбарды фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова Новопокровка айылындагы реабилитациялык борборго алып келген. Бүгүн аны рентгенге тартып, анализ алышты.
Фонд Котту алты жыл мурун тоодо өлүмдөн алып калганын белгилеген.
Каржылык жардам көрсөтүүнү каалагандар болсо реквизиттери "Бугу-Эне" фондунун Facebook баракчасында көрсөтүлгөн.