Эркин күрөш боюнча балбан Арсалан Будажапов Ярыгин мелдешине катышат

Мелдеш Красноярск (Россия) шаарында 27-30-майда өтөт. Кыргызстандык балбан 79 килограмм салмакта күч сынашмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын мүчөсү Арсалан Будажапов россиялык атактуу балбан Иван Ярыгиндин элесине арналган эл аралык Голден Гран-при мелдешине катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш боюнча федерациясы билдирди.
Мелдеш Красноярск (Россия) шаарында 27-майда башталып, 30-майга чейин созулат. Кыргызстандык балбан 79 килограмм салмакта күч сынашары айтылды.
Будажапов жакында эле Болгариянын София шаарында өткөн Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышып, коло байге үчүн күрөштө жеңилип калган.
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Таллинде Poland Open мелдешине даярданат
Белгилей кетсек, Иван Ярыгин атындагы Голден Гран-при эл аралык мелдеши эркин күрөш боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу турнирлерден болуп саналат.
Турнир Ярыгиндин дүйнөлүк спортко сиңирген эмгегин эске алуу менен 1990-жылы негизделген. Алгачкы мелдеш Абаканда болгон. Ал эми калган турнирлер азыркыга чейин Красноярск шаарында өтүп келет.