Акыйкатчы: этникалык кыргыздарга 20 жылдан бери жарандык бербей келишкен

Ю.Р. аттуу аял кыргызстандык жаранга турмушка чыгып, жети балалуу болгон. 28 жылда жарандык сурап 12 ирет кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргызстандын жарандыгын ала албай келишет. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү аталган ишти көзөмөлгө алып, документтерди көтөргөн. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, алар аз камсыз болгон бүлө катары каттоодо турат. Жарандыгы жок болгондуктан, балдарына жөлөк пул жана башка жеңилдиктерди ала алышпайт.
"Өзбекстандан келген этникалык кыргыздын айтымында, анын Кыргызстанда туруктуу жашаганына 13 жылдын жүзү болду. 11 жыл мурда жергиликтүү кызга үйлөнүп, учурда төрт баласы бар. Ушундай эле кырдаалга Ю.Р. туш болгон. Ал 28 жыл мурда аталган райондо жашаган кыргызстандык тургунга турмушка чыгып, азыр жети баланын энеси. Бул аралыкта КРдин жарандыгын алуу үчүн 12 ирет кайрылып, бирок ал аракети майнапсыз болгон", — деп жазылган маалыматта.
Памирден келген 44 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту берилди. Сүрөт
Мындан улам акыйкатчынын өкүлдөрү Ала-Бука райондук жарандык актыларды каттоо, паспорттоштуруу жана калкты эсепке алуу бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган деп эсептейт. Алар бөлүмдүн башчысы менен жолугуп, жарандык алууга укуктуу экенин айткандан кийин С.К. менен Ю.Р. аттуу боордоштордун документтери кабыл алынган.
Кийинчерээк мындай жагдайга жооптуу кызматкерлерге өз милдетин так жана туура аткаруу боюнча эскертүү берилгени айтылат.