Дүйнөдөгү бай адамдардын рейтинги өзгөрүп, Жефф Безос артка жылды

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск дагы бар. Анын байлыгы 147,3 миллиарда доллар деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Миллиардерлердин Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде алдыңкы сапка Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди. Бул тууралуу Forbes басылмасынын сайтында жазылган.
Миллиардерлердин Forbes Real-Time (жаңыланган тизме) рейтингинде алдыңкы сапка Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно илинди
Ага ылайык, өткөн суткада ал 710 миллион долларга байып, жалпы капиталы 186,3 миллиард долларды түздү. Арно рейтингде байлыгы 186 миллиард доллар болгон Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон озуп кеткен.
Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск дагы бар. Анын байлыгы 147,3 миллиард доллар деп бааланды.
Ошол эле учурда башка Bloomberg Billionaires Index аттуу рейтингде Amazon компаниясынын башчысы алдыңкы сапты эч кимге берген эмес. Ал эми Арно 162 миллиард доллар менен экинчи орунда турат.