Өкмөт чет өлкөдө көз жумган жарандын сөөгүн алып келүү чыгымын мойнуна алат

Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагынан же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат. ТИМден төлөмдүн суммасы боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалашты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн маркумдун жакындарына бир жолку төлөм каралганын эске салат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында өлкө президенти "Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөт апрель айында "Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн алып келүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун кабыл алган.
Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагында ТИМдин алдындагы Тышкы миграция департаментинен же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат.
Бир жолку төлөмдү алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
ТИМден төлөмдүн суммасы боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалашты.