"Бишкек башкы архитектуранын" башчысы орун басары менен кызматтан кетти

Марат Жороев борбор калаанын башкы архитектору болуп үстүбүздөгү жылдын башында дайындалып, төрт айга чукул иштеди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы, борбор калаанын башкы архитектору Марат Жороев жана анын орун басары Анна Тренина кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемедеги булактар билдирди.
Ведомствонун маалымат кызматы жана алар баш ийген Мамлекеттик курулуш агенттиги азырынча комментарий бере элек.
Марат Жороев бул кызматка үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган, ага чейин жетекчинин орун басары болуп иштеп жаткан.
Белгилей кетсек, анын мурдагы жетекчиси Асхат Түлөбердиев коррупцияга айыпталып кармалып, кийин үй камагына чыккан.