"Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар деп белгиленген. Донорлору Ислам өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү максатында тилектештик фонду жана өкмөт болуп саналат. Бул тууралуу Улан Кафар Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорундагы үч шаар жана 34 айылды камтыйт.
"Программа айыл чарбасын жана айыл жергесин, адамдык потенциалды, айылдык инфраструктураны өнүктүрүүнү (саламаттык сактоо, билим берүү, суу менен камсыз кылуу жана санитария) көздөйт. Бул иштерге 11 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Үч район боюнча бюджетти бөлүштүрө турган конкурстук комиссия түзүлүп, алар жергиликтүү депутаттар менен сүйлөшүп, стратегиялык планды карап, ага жараша көйгөйлүү маселелерди тандап алышты. Алсак, жалпы 136 долбоорго чейинки өтүнмө түшсө, анын 37си калктын жогорку жыштыгы жана коомдук өнүгүүнүн басымдуулук кылган тенденциялары, облустун социалдык-экономикалык инфраструктурасына басым жараткан ички миграция эске алынып тандалды. Саламаттык сактоо компонентине ылайык — 11, билим берүү жана коомчулукту өнүктүрүү боюнча — 19, айыл чарба жана ишкердикти өнүктүрүү жаатында каналдар салынып, 10 миң гектар жер суу менен камсыздалды", — деди Кафар.
Координатор "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун ишкерлерди колдоо максатында жогорудагы бардык жумуштарды жергиликтүү подрядчылар ишке ашырганын кошумчалады.