Улут аралык кастыкты козутууга шектелип Чүйдө эки аял кармалды

WhatsApp аркылуу чакырык жасаган иштер 23 жана 20 жаштагы аялдарга таандык деген шек жаралган. Аларды аныктоо боюнча Чүй облустук жана Панфилов райондук милиция иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. WhatsApp тармагы аркылуу Панфилов районундагы Чалдыбар айылындагы Тажикстан жарандарынан арылууга чакырык жасаган деп шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"5-май күнү милиция кызматкерлери WhatsApp аркылуу тарап жаткан маалыматтарды алып, иликтей баштаган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылындагы Тажикстандын жарандарына карата чагым иретинде сөз айтканы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалып, жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча материал Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") тартип коргоо органдарына берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
УКМК тажик жарандары аэропорттон кармалууда деген маалыматты төгүндөдү
Панфилов райондук милициясы менен Чүй облустук милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматы чакырык жасагандарды тапкан.
"Шек жараткан 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. аттуу эки аял кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", — деп билдирди маалымат кызматы.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.