Радио

Серазиева: концертимде Рыспай Абдыкадыровдун ырлары да жаңырат

Интернет жылдызы, ырчы, аткаруучу Фатима Серазиева буга чейин чакан эки концерт бергенин айтты.
Sputnik
Алгачкы чоң, жеке концерти жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Ырчыны коштогон бийчилер болбойт. Сахнадан аткаруучуну, дирижер жана оркестрдин артисттерин гана көрүүгө болот. Бул тууралуу Фатима Серазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеке концерт "В моей душе покоя нет" деп аталып, 1-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өтөт.
"Мага азыр дирижер Бакыт Тилегенов, симфониялык оркестрдин артисттери жардам берип жатышат. Тилегеновду өтө таланттуу, жумшак адам катары тааныйм. Маэстронун адамдын каалоосун уга билгенин же болбосо сунушун айтып, аткаруучунун оюндагыдай кылууга аракет кылганын баалайм. Концертте совет, орус таланттары Анна Герман, Мария Пахоменко, Майя Кристалинская жана Александра Пахмутованын чыгармаларын аткарам. Ошондой эле репертуарга Рыспай Абдыкадыровдун ырларын да коштум. Айтор, концертте элдин кулагына сиңип калган, тааныш композициялар жаңырат. Андан тышкары, Опера жана балет театрынын солисттери менен дуэт аткарабыз жана алар да өнөрлөрүн тартуулашат. Буюрса, коцерттен соң жеке репертуарыма көңүл бурууну көздөп жатам", — деди Серазиева.
Ал ырчылык негизги кесиби эмес, хоббиси экендигин кошумчалады.