Депутаттар иш учурунда кыз-келинге асылгандарга чара көрчү мыйзам сунуштады

Бул документ кызматкердин жеке кол тийбестик укугун, ошондой эле сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жумуш учурунда сексуалдык асылууга тыюу салуу жана ага жоопкерчилик киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталия Никитенко, Бурун Аманова жана Махабат Мавлянова.
Бул мыйзам долбоору кызматкердин жеке кол тийбестик укугун, ошондой эле сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленет.
1 / 7
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
2 / 7
Депутат Гүлшат Асылбаева
3 / 7
Депутат Айнура Осмонова
4 / 7
5 / 7
6 / 7
Депутат Бурун Аманова
7 / 7
Депутат Махабат Мавлянова
Маалыматтык негиздемеде "Кыргыз сот аялдары" ассоциациясы Бишкек, Кара-Балта, Ош жана Токмокто ар түрдүү кызматтагы жана ЖОЖдордогу 877 кыз-келин арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзгөнү жазылган.
Көпчүлүгү көйгөй бар экендигин моюнга алып иштеген аялдардын 23 пайызы, студенттердин 21,9 пайызы сексуалдык асылууга дуушар болгонун айтышкан. Аны менен бирге асылуулардын 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде болорун көрсөткөн. Буга 20 жаштан 38 жашка чейинки күйөөсү жок, катардагы кызматты ээлеген аялдар кабылган.
"Изилдөөнүн авторлору кызматтык даражасы төмөн аялдар сексуалдык асылууга көбүрөөк кабылышканын айтат. Аларга орто жана жогорку звенодогу эркек жетекчилер ыдык көрсөтөт. Натыйжада мындай көйгөйдү жоюп, күнөөлүүнү жоопко тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле жумуш ордунда көрүлө турган түрдүү превентивдүү чараларды колдонуу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам долбоору төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
Азыркы мыйзамдарда асылуу болгон учурда кызматкердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берүүчү нормалар жок экени белгиленди.