Алар эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулап, бир катар маанилүү маселелерге токтолду.
Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча пикирин билдирип, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйдү чечүүнүн узак мөөнөттүү ыкмасын табуу керектигин айткан.
"Башкалар менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары, жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулады", — деп маалымдады КР президентинин маалымат кызматы.
Путин пандемияда Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардам туурасында, КР менен РФтин эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чаралар боюнча сөз кылган.
Жапаров чек арадагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданганы үчүн Путинге ыраазычылык билдирген.
"Кыргызстан элине көрсөтүлгөн колдоону баса белгилеп кетким келет. Россия — биздин башкы союздаш жана соода-экономикалык өнөктөш", — деген ал.
Тараптар күн тартибиндеги биргелешкен бардык маселелер боюнча натыйжалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришкен.