Ноокатта жоголгон 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн автоунаасынан табылды

Киши колдуу болгон жигит 21-май күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Агасы милицияга эки күндөн кийин кайрылганы айтылды.
Sputnik
ОШ, 24-май – Sputnik. Ноокат районунда үч күн мурда дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн автоунаасынын багажнигинен табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, маркумдун агасы 23-май күнү Ноокат райондук милициясына кайрылып, иниси эки күн мурда өзүнүн Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасы менен Алашан айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин айткан.
Бул факт Ноокат РИИБи тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Дайынсыз жоголгон жигитти табуу үчүн Ноокат милициясынын ыкчам-тергөө тобу, Криминалдык милиция кызматы жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүгү иликтөө иштерин жүргүзгөн. Ошол эле күнү анын автоунаасы Көк-Жар айылындагы чайканалардын биринин короосунда токтоп турган жеринен табылган. Текшерүү учурунда багажнигинен дайынсыз жоголгон жигиттин сөөгү чыккан. Ал күч колдонулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болду", — деди Аширбаев.
Тергөө учурунда Көк-Жар айылынын тургундары 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Шектүүлөр