Ырчы Жамиля Муратованын атасы, музыкант Эдил Муратов көз жумду

Маркум эмгек жолун Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде баштап, өмүрүн ошол оркестрдин өнүгүшүнө арнаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Музыкант, кыргыз маданиятынын ардагери Эдил Муратов узакка созулган оорудан улам 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Музыкант, ветеран культуры Эдил Муратов
Белгилей кетсек, Эдил Муратов КРдин эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратованын атасы жана Балыкооз манасчынын чөбөрөсү болгон.
Ташкул Керексизов дүйнө салды
Муратов 1937-жылы Бишкек шаарында туулган. 1963-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде башталып, өмүрүн ошол оркестрдин өнүгүшүнө арнаган.
Ошол эле учурда филармониянын профсоюздук уюмунун төрагасы кызматын аркалаган. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Жубайы, КР эл артисти Хадима Берикбаева экөө Жумиля Муратовадан тышкары Данияр атуу уулду жана Зулайка аттуу кызды тарбиялашкан.