Радио

Арабаев: мыйзамдар аз, бирок сапаттуу болуусу зарыл

Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору Чолпонкул Арабаев инвентаризациянын натыйжасында айрым ченемдик актылардын иши токтотуларын маалымдады.
Sputnik
Соңку убакта сапатсыз мыйзамдар көп кабыл алынды. Ошондуктан аны инвентаризациялоо зарылдыгы келип чыгууда. Бул тууралуу Чолпонкул Арабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдарды иретке келтирүү аракеттери буга чейин дагы болуп, токтоп калган.
"Президенттин февраль айындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө буйругу — алардын сапатын көтөрүүгө болгон аракет. Анткени соңку учурларда бири-бирине карама-каршы келген, сапатсыз мыйзамдар көп кабыл алынган. Буга утурлай эле өлкөнүн Баш мыйзамы өзгөрүүгө дуушар болду. Натыйжада мыйзамдарды инвентаризациялоо муктаждыгы жаралууда. Мыйзамдарга ревизия жасалып, иретке келтирүү жолу менен актуалдуулугун жоготкон ченемдик актылардын ишин токтотуу же толуктоо зарыл. Мындай аракет буга чейин дагы көрүлгөн. Учурунда Советтер Союзунан бери келе жаткан мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү башталган. Кийин заман алмашып, өйдө-төмөн иштер болуп ал аракет токтоп калган. Учурда ошол иш кайрадан жанданып жатканы — келечектеги мыйзамдардын сапатын жакшыртууга таасир этет деген ишеним. Мыйзам канчалык көп болсо, анын натыйжасы ошончолук азыраак болот. Ошондуктан аз, бирок сапаттуу болуусу зарыл. Аны иштеп чыгууда бардык тарабы эске алынып, жазылуусу шарт", — деди Арабаев.
Ошондой эле ал кабыл алынган мыйзамдар эл аралык конвенцияларга ылайык болушу керектигин кошумчалады.