Марипов Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, юбилейи менен куттуктады

Арипов Өзбекстандын өкмөт башчысы катары 2016-жылдын декабрынан тарта, тагыраагы, беш жылдан бери иштеп келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен телефондон сүйлөшүп, анын 60 жылдык юбилейи менен куттуктады.
Өкмөт башчы кесиптешинин Өзбекстандын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалаган.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы алар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген маселелери боюнча пикир алышканын кабарлады.
"Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Арипов Өзбекстандын өкмөт башчысы катары 2016-жылдын декабрынан тарта, тагыраагы, беш жылдан бери иштеп келе жатат.