Amazon кыргызстандык ишкерлерге түз соода кылууга уруксат берди

Бир нече жылдан бери борбор азиялык ишкерлер Amazon платформасына каттала албай келген. Эми компания бул чектөөнү алып салды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Америкалык ири электрондук соода платформасы өз аянтчасында катталууга кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө мүмкүндүк берди. Жаңы тизме компаниянын сайтында жарыяланды.
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
Катталуу үчүн ишкер паспорт көчүрмөсүн, кредиттик картасын, банктагы эсебин, телефон номерин жана төлөгөн салыктары боюнча маалыматтарды көрсөтүшү керек.
Каттоо ийгиликтүү аяктаган соң баракчасы активдештирилип, европалык соода аянтчаларына жол ачылат.