Өткөн суткада 191 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду

Бир суткада Баткен облусунан коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө оору жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кечээтен бери 191 адамдан коронавирус табылып, 308 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 102 702 адамга жетти.
Айыккандар:
Коронавирустан жалпы 96 119 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт алты бейтаптын өмүрүн алган. Анын ичинен төртөө Бишкек шаарынан көз жумса, бирөө Таластан, бирөө Чүй облусунда катталган. Азыркы тапта 1 571 бейтап стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.