Адис чет өлкөдө банктык картаны туура пайдалануу жолун айтып берди

Финансы жаатындагы адистер чет өлкөгө чыгар алдында картадагы акчанын суммасынан мурда ал кайсы валютада экенине көңүл буруу керектигин эскертишет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Чет мамлекетке кетип жатканда мүмкүн болушунча ошол өлкөнүн валютасына байланган банктык картаны алып алган ыңгайлуу. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине "БКС банкынын" пассивдүү операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын жетекчиси Ольга Козлова айтып берди. 
"Мындай учурда сиз конвертацияга кеткен каражатты үнөмдөп каласыз. Мисалы, кардар бир нерсе сатып алды дейли. Эгер сиздин картаңыз ал өлкөнүн валютасына байланбаган болсо, төлөө системасы алгач товардын баасын долларга же еврого айландырат. Андан соң кардардын картасындагы валютага которот. Ошентип сиз эки жолку конвертацияга чыгым болосуз", — деди Козлова.
Ошондой эле адис банктык картага барчу өлкөнүн валютасында керектүү сумманы чет өлкөгө чыкканга чейин жүктөп коюу дагы бир топ үнөмдүү экенин кошумчалады.