Манастын образынан жаралды. Бишкектин башкы мунарасынын эскизи жарыяланды

Мунаранын бийиктиги 65 метр. Анда кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү.
Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи. 
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү
"Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын "Байтерек", Ирандын борбору Тегерандагы "Азади", Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турчу объект куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат. Үстүнө купол орнотулуп, ал алтын түстүү түндүк менен жабылып, үстүнө шиш найза бекитилет. Мунаранын бийиктиги 65 метр (найзаны эсепке албаганда) болот. Имараттын негизги түсү ак болуп, кээ бир элементтерине алтын жана күмүш түстөр берилмекчи. 
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот
Мунаранын образы "Манас" эпосундагы Айкөл Манас баатырды сүрөттөгөн саптардан түзүлгөнү белгиленди.
Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат.
Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду
Манастын образынан сырткары, мунарада кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылган. Ошондой эле архитектура тили менен чакырыктар жана ураандар берилет.
Эскиздер менен кененирээк мекеменин Telegram каналынан таанышууга болот.