Бишкекте кафеде чыккан өрт өчүрүлдү

Тилсиз жоо чектөөгө алынган соң, 40 мүнөттөн кийин толугу менен өчүрүлдү. ӨКМдин маалыматына караганда, жабырлануучулар болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкектеги кафелердин биринде чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, борбор калаанын 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден 19.00 чамасында өрт чыккан.
Жеринде өрт өчүрүүчү эки бригада иштеди. Тилсиз жоо 19:10до чектөөгө алынып, 19:58де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.