Бишкекте эркек кишини бычактап салды деп 48 жаштагы аял кармалды. Сүрөт

Ыкчам-тергөө тобу 50-55 жаштагы эркек киши кыйналып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Маркум Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну жана үй-жайсыз экени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте 48 жаштагы аял өзүнөн үч жаш кичүү кишини бычактап салды деп кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга билдирүү 23-май күнү саат 19:26да түшкөн. Анда Тоголок Молдо көчөсүндөгү "Пишпек" ресторанынын жанындагы бак-дарактардын арасында эркек кишинин сөөгү жатканын айтышкан.
Бишкекте 48 жаштагы аял өзүнөн үч жаш кичүү кишини бычактап салды деп кармалганын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады
Окуя болгон жерге барган Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу 50-55 жаштагы эркек киши кыйналып өлтүрүлгөнүн, денесинде бычактын издери бар экенин аныктаган.
Бишкекте энеси менен кызын өлтүрүүгө шектелип өспүрүм кармалды
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Маркум Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы тургуну жана үй-жайсыз экени аныкталган. Аны өлтүрүүгө шектелип Ысык-Көл облусунда төрөлгөн 48 жаштагы аял колго түшүрүлүп, бычагы табылган. Шектүү бир нече ирет соттолгону маалым болду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.