БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо конушундагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал жаңы мектеп өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болоруна ишеним арткан.
"Мектеп — өлкө келечегинин символу, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Келечек муундун кандай болуп калыптанары бизге байланыштуу. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем", — деген Марипов.
480 окуучулук орунга эсептелген үч кабаттуу мектеп Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Октябрь районунда 1,3 гектар аянтка жайгашкан.