БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Өзбекстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасынын чечилбей калган аймактарын демаркациялоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки өлкөнүн чек ара сызыгынын узундугу 1,33 миң чакырымды түзөт. Советтер Союзу тараган соң анын 20 пайызга жакыны чечилбей калган.
"Чек араны демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү бул жолу бир апта бою сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бирок талкуулар дагы улана бермекчи", — деп айтылат билдирүүдө.
Демаркация — чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө процесси.