Алдыда бир эле жол бар. Антонина Шевченко жеңилген соң биринчи ирет үн катты

Шевченко өткөн жумада америкалык спортчу Андреа Лиге утулуп калган. Бирок UFC уюму экөөнө тең бирдей гонорар берген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко өткөн жумада Хьюстондогу UFC 262 турниринде жеңилгенден кийин үн катты. Постту өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Шевченко америкалык спортчу Андреа Лиге утулуп калган. Каршылашы экинчи раундда колду кайруу ыкмасын колдонгон. Бирок UFC уюму экөөнө бирдей гонорар берген.
Спортчу аны колдогон күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.
"Беттеш мен үчүн ийгиликсиз болуп калды. Бирок алдыда бир эле жол бар — койгон максат боюнча иштеп, күн сайын мыкты болуу керек", — деген спортчу.
Шевченко Хьюстондо жагымдуу ирмемдери калганын да айтып, кармаштагы бир нече сүрөтү менен бөлүшкөн.
Кыргызстандык спортчу ММАде жалпысынан тогуз беттеште жеңүүчү болуп, үч жолу утулган.