БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу күз айларында башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Өкмөт башчы элди сабырдылуукка чакырды.
"Күзүндө Ош — Ноокат — Исфана унаа жолунун курулушу башталат. Бул жолду жана көпүрөлөр сыяктуу объектилерди япониялык JICA компаниясы курат. Эң башкысы, сабырдуу болушубуз керек. Ноокат аркылуу өткөн жолдун абалын өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан курулуш иштерин эртерээк баштоого аракет кылабыз. Бул жол тилкеси мыкты сапатта болот деп айта алам", — деди Марипов.
Министрлер кабинетинин башчысы Чили-Сай убактылуу көпүрөсүнө да токтолду.
"Эски көпүрө жараксыз абалга келген. Устундардын биринен жарака кеткен. Ошондуктан ушул жылдын апрель айында көпүрөдөн өтүү токтотулган. Азыр эл жолду айланып өтүүдө. Убактылуу көпүрө дагы ошондой бекем, бирок убактылуу. Көпүрө ушул жуманын аягына чейин колдонууга берилет", — деди ал.
Эл аралык Ош — Ноокат — Исфана жолунун узундугу 47 чакырымды түзөт, 1968-1971-жылдар аралыгында курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70 пайызы жарактан чыккан. Бул трассада 11 көпүрө бар, анын экөө авариялык абалда.