Радио

Чокморова: "Илимдеги кыздар" долбооруна катышкандар эки миңден ашты

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чет тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Айнура Чокморова учурда кыздар так илимдерде ийгиликтерди багынтып жатканын айтты.
Sputnik
"Илимдеги кыздар" долбооруна катышкандардын саны эки миңден ашты. Бул тууралуу Айнура Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун максаты — кыздардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу.
"БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ тарабынан "Илимдеги кыз" долбоору иштеп баштаган. Анын алкагында 15 жаштан 19 жашка чейинки окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырууга шарт түзүлөт. Долбоордун максаты — кыздарды илим, технология, инженерия жана математиканы түшүндүргөн STEM багытына тартуу, кызыктыруу. Соңку жылдарда кыз-келиндердин так илимдер жаатында алектенгендери өтө аз. Бул долбоор мына ушул тармакты жакшыртууга өбөлгө болот деген ишеним бар. Анын алкагында теория, практикалык жактан окутуулар жүргүзүлөт. Мүмкүнчүлүккө жараша компанияларда аз убакыт болсо дагы иштеп көрсө жакшы натыйжа берет. Иш-чаранын жүрүп жатканына 4-5 ай болуп калды. Ага бардык аймактардан эки миңден ашык кыздар катталды. Муну менен эле токтоп калган жок. Кызыккандар дагы да кайрылышууда", — деди Чокморова.
Ошондой эле ал аталган долбоор ушуну менен токтоп калбастан улантылышы зарылдыгын кошумчалады.