Коронавирустан 8 адам көз жумуп, оору 325 кишиден аныкталды. Соңку маалымат

Пандемиядан бери расмий түрдө 100 миңден ашуун адамда вирустук инфекция аныкталып, тең жарымы айыкты. Тилекке каршы, 1700дөн ашуун адам каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 325 киши жуктуруп, сегиз бейтап көз жумду, ал эми 365 адам ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери 102 511 адамдан вирус аныкталды.
Айыккандар:
Ушуну менен айыккандар 95 811 болду.
Учурда ооруканада 1 555 сыркоолуу жатат. Ошондой эле амбулатордук дарыланууда 2 369 бейтап бар.
Өткөн суткада COVID сегиз адамдын өмүрүн алып кетти. Анын төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Оорудан жалпы 1 751 адам каза тапты.