COVID-19 байыткан тогуз миллиардер. Тизме

Байлыгы эсепсиз көбөйгөн бул адамдардын мүлкүнүн жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга жетет деп айтылууда. Алардын көпчүлүгү АКШдан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина чыгарган компаниянын кирешеси менен дүйнөдө дагы тогуз киши миллиардер болду. Бул тууралуу курамына укук коргоочу, гуманитардык жана медициналык уюмдар кирген The People's Vaccine Alliance кыймылынын докладында айтылганын РИА Новости жазды.
Жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү кирген. Алар: башкы директор Стефан Бансел, негиздөөчүнүн бири Ноубар Афеян жана инвесторлор Тимоти Спрингер жана Роберт Лангер.
Байлыгы бир миллиард доллардан ашкан адамдардын сабына киргендер:
Жаңы миллиардерлердин мүлкүнүн жалпы суммасы 19,3 миллиард долларга жетет деп бааланууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2020-жылдын 11-мартында коронавирустун COVID-19 инфекциясынан улам пандемия жарыялаган. ДССУнун акыркы маалыматтарына ылайык, ааламда бул илдетке кабылгандардын саны 165 миллиондон ашкан. Анын ичинен 3,4 миллион бейтап оорудан көз жумган.