Пианисттер арасында республикалык сынак өтөт. Шарты

Пианинодо ойноп жаткан кыз. Архив
Конкурска 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алат. Аны министрлик Кыргыз улуттук консерваториясы жана Sound KG компаниясы менен биргеликте уюштурмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жаш аткаруучулар арасында "Жаңы муун" деп аталган республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Аталган иш-чараны министрлик Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория жана Sound KG компаниясынын көмөгү менен өткөрмөкчү.
Ага 14 жаштан 25 жашка чейинки пианисттер катыша алат. Тандоо 4-8-июнь күндөрү Улуттук консерваторияда өткөрүлө турганы маалым болду. Жарыштын байге фонду 225 000 сом экенин билдиришти.
Сурап билүү телефону: 0559 43 55 24.