Депутаттын айыптоосунан кийин Run Silk Road логотибин өзгөртө турган болду

Буга чейин депутат марафондун уюштуруучулары логитибине Кыргызстанда жайгашкан анклавдарды өлкө аймагынан сырткары, анклав болбогондой көрсөттү деген билдирүү менен чыккан. 
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Run Silk Road эл аралык марафонунун логотибинде Кыргызстандын картасы бурмаланганы боюнча ЖК депутаты Исхак Пирматовдун айыптоосунан кийин алмаштырылмай болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга уюштуруучулар билдирди.
Эл өкүлү Кыргызстандагы "Эл аралык марафон дирекциясын", "Кока-Кола" компаниясынын КРдеги өкүлчүлүгүн, "Run Silk Road" сайтын жана логотибин иштеп чыккандарды жоопко тартууну талап кылган.
"Түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү көңүлгө алуу менен биздин уюмдун логотиби өзгөртүлөт. Эл аралык марафон дирекциясы учурда бул маселе боюнча иштеп жатат. Бирок биздин команда 10 жылдан бери марафон өткөрүү менен алектенип, өлкөлөрдү жана элди бириктирүү үчүн жакшы ниет койгонун белгилейбиз. Тескери оюбуз болгон эмес!" — деп билдиришкен алар. 
Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү
Пирматов ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы. Ал жогоруда аталган тараптар улуттук кызыкчылыкка каршы келген жалган маалыматтарды билсе да атайын логотипти иштеп чыгып, колдонуп келишкенин айтууда.
"Кыргызстанда жайгашкан анклавдарды өлкө аймагынан сырткары, анклав болбогондой көрсөтүшкөн. Бул жаңылыштык же байкоосуздан кеткен катачылыкка окшобойт, тескерисинче, диверсиялык, саботаждык мүнөзгө ээ", — деп сыпаттаган депутат.
Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафону үстүбүздөгү жылдын 15-майында Ысык-Көлдө өткөн.