Жергиликтүү "Фонтанка" деп аталган интернет гезит чагылган чартылдап, күн күркүрөгөндөн соң асмандан учкундар жерди көздөй чачырагандыгын жазган.
Видеодон ошол учурда көчөдө кетип бара жаткан кол чатырчан аялдын "оттуу жамгырдан" улам апкаарып, эмне кыларын билбей калгандыгын көрүүгө болот.
Гезиттин берген маалыматына караганда, жаратылыштын таң калтырган бул кубулушунан жабыркаган адамдар болгон эмес.