Пентагон Калифорниянын үстүнөн учкан НЛО боюнча видеону тастыктады

2019-жылы америкалык режиссёр Калифорнияда суу үстүндө тез кыймылдаган НЛОнун видеосун жарыялаган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Пентагон даректүү тасмалардын режиссёру Жереми Корбелл жарыялаган НЛО боюнча видеонун анык экенин расмий тастыктады. Бул тууралуу "Известия" маалымат булагы жазды.
Режиссёрдун Instagram баракчасына 2019-жылы чыккан видеодогу кадрда белгисиз учуучу объект Калифорниянын Сан-Диего шаарынын жанындагы суунун үстүндө тез кыймыл менен жылып баратканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин НЛО USS Omaha кемесинен алыc эмес жерден жоголуп кеткен. Режиссёр өзү объект сууга кирери менен көрүнбөй калганын белгилеген. 
Видео жарыялангандан кийин НЛОну издөө үчүн суу алдында сүзүүчү кеме жөнөтүлүп, бирок объект табылган эмес.
АКШнын Коргоо министрлиги видеодогу кадр чын экенин тастыктаган. Мекеме бул материал Пентагондун белгисиз кубулуштары боюнча ыкчам тобу тарабынан караларын билдирди. Ал топ 2020-жылы жаратылыш жана кубулуштардын келип чыгышы жөнүндө маалымат алуу максатында түзүлгөн.