Милиция ЖРТга катышып жаткан окуучулардын коопсуздугун көзөмөлгө алды. Сүрөт

Тартип сакчыларынын бүгүнкү күнгө берген маалыматы боюнча, шаардык мектептерде коомдук тартипти бузган учур жана кырсык катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Шаардык милициянын өкүлдөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жаткан бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна байкоо салып турат. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Шаардык милициянын өкүлдөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жаткан бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна байкоо салып турат
2 / 3
Билдирмеге караганда, бүгүн, 22-майда, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардык мектептерди кыдырып чыгышкан
3 / 3
Маалыматка караганда, шаардык мектептерде коомдук тартипти бузган учур жана кырсык катталган эмес
Билдирмеге караганда, бүгүн, 22-майда, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардык мектептерди кыдырып чыгышкан.
"Окуучулардын ден соолугунун коопсуздугун жана билим берүү мекемелериндеги тартипти камсыз кылуу үчүн күч органдары алдын алуу иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, шаардык мектептерде коомдук тартипти бузган учур жана кырсык катталган эмес.
Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн 1-2-туру аяктады. 3-туру 22-23-июнда өтөт.