COVID 308 кишиден табылса, 73 бейтап өтө оор абалда. Өлкөдөгү соңку статистика

Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 521 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 73 кишиники өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 308 кишиден табылып, 332 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Оору илештиргендер адаттагыдай эле Бишкекте көп.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 102 186га жетти.
Айыккандар:
Илдет илештиргендердин ичинен 95 446 киши дартты жеңди.
Азыркы тапта өлкө боюнча ооруканаларда 1 521 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 445 бейтаптын абалы оор болсо, 73 кишиники өтө оор деп бааланды.